Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Байкоочу кеңеш КТРКда баскынчылык болгонун айтууда, каналда эки жолу жетекчи алмашты


КТРКга кирген каналдардын логотиптери.
КТРКга кирген каналдардын логотиптери.

Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңеши 7-октябрда билдирүү таратып, белгисиз адамдар тобу өз алдынча жана мыйзамсыз түрдө башкы директордун милдетин аткаруучу кылып Мирлан Самыйкожону дайындаганын билдирди.

Маалыматта Самыйкожо Байкоочу кеңештин жоюлганын жана корпорациянын кайрадан «улуттук» макамга өткөнүн жарыялаганы айтылат.

Байкоочу кеңештин билдирүүсүндө, буга чейин КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Анын негизинде Байкоочу кеңеш чукул жыйынга чогулуп, убактылуу башкы директорду шайлоо тууралуу маселени караган. Бирок жыйында эки топтун кишилери кирип, алардын бири Мирлан Самыйкожону, экинчиси Чынар Капарованы башкы директорлук кызматка сунуш кылган. Көптөгөн талаш-тартыштан кийин легитимдүү орган катары Байкоочу кеңеш маселени чече турган болгон.

Байкоочу кеңеш эки ирет каналдын эмгек жамааты менен жолугуп, алардын ойлорун уккандан кийин төрт кишинин – башкы директордун орун басары Жылдыз Уракунованын, каналдын продюсери Мирлан Самыйкожонун, мурда КТРКда иштеп кеткен «Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкер Чынар Капарованын жана Байкоочу кеңештин мүчөсү Жылдыз Бакашованын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Эки жолку добуш берүүдө бир да талапкер жетиштүү добуш ала алган эмес. Капарова абалды чыңалтпоо үчүн өзүн «Ала-Тоо 24» каналына, Самыйкожону «Биринчи коомдук каналга» продюсер кылып коюуну сунуш кылып, ал колдоо тапкан. Самыйкожо менен Капарова өз талапкерлигин чакыртып алган. Кайрадан өткөн добуш берүүдө Жылдыз Бакашова башкы директордун милдетин аткаруучу болуп шайланган.

Байкоочу кеңештин маалыматына караганда, ушул эле күнү саат 19:00 чамасында белгисиз кишилердин тобу КТРКнын башкы кеңсесине бастырып кирип, Мирлан Самыйкожону башкы директор деп жарыялаган жана Байкоочу кеңештин жоюлганын билдирген. Алар КТРКнын «улуттук» деген макамы кайтарылганын айтышкан. Коркутуп-үркүтүүдөн улам Байкоочу кеңештин мүчөлөрү КТРКнын имаратынан чыгып кетүүгө аргасыз болушканы белгиленген.

Стратегиялык объектилердин катарына кирген КТРКда мыйзамдуулукту калыбына келтирүү тууралуу өтүнүч кат Жылдыз Бакашованын атынан 6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү төрага катары жарыялаган Мыктыбек Абдылдаевдин дарегине жиберилген. Анда Бакашова КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу катары жазылган.

Байкоочу кеңеш өзү КТРКда башкы орган болуп эсептелерин, юридикалык жактан алганда Жылдыз Бакашова башкы директордун милдетин аткаруучу экенин, азыр Мирлан Самыйкожо жүргүзүп жаткан аракеттер мыйзамсыз экенин билдирүүдө.

«Азаттык» Мирлан Самыйкожо менен байланышканда ал өзүн эл жана КТРКнын кесиптик жамааты колдоп, башкы директордун милдетин аткаруучу болуп дайындаганын айтты. КТРКнын Байкоочу кеңеши буга чейин жамаат менен эсептешпей, туура эмес чечимдерди кабыл алгандыктан аны жоюуну жамаат чечкенин билдирди. «Бир Бол» партиясынын өкүлдөрү 6-октябрда каналга келип, Чынар Капарованы жетекчи кылууга аракет кылганын, бирок аны жалпы жамаат эле эмес, «Ала Тоо 24» каналындагы 40тай кызматкер кабыл албай койгонун кошумчалады. КТРКнын үзгүлтүксүз иштеши жана ал жерде талап-тоноого, бүлүнүүгө жол бербеш үчүн өзү жамааттын колдоосу менен кызматка келгенин маалымдады.

«Муну баскын деп айтууга болбойт. Биз тескерисинче каналды үзгүлтүккө учуратпай, мүлкүн сактап калдык. Каналдын элдик кошууну келип, Байкоочу кеңешти кетириш керек деген талап көтөрүлдү»,-деди Самыйкожо.

6-октябрда «Ала-Тоо 24» каналынын жамааты кайрылуу жасап, жаңы жетекчи Чынар Капарова менен иштеше албай турганын жана иш таштай турганын жарыялаган.

Чынар Капарова «Азаттыкка» КТРК өзүнө карата кара пиар таратып жатканын билдирди.

«Атайын уюштурулган каралоо маалыматтары кетип жатат», - деди Капарова.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Азамат Болгонбаев быйыл 11-августта кызматын тапшырган. Мунун себебин жарыялаган эмес. Ошондон бери Байкоочу кеңешке төрага шайлана элек. Мыйзам боюнча Байкоочу кеңештин аксакалы жыйындарды алып барып жүргөн.

КТРКнын 15 кишиден турган Байкоочу кеңешинин ушу тапта 14 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калгандарын жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан тандалып келген. (NT)

XS
SM
MD
LG