Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:58

Байсалов эл аралык медианы Кыргызстандагы кызматтык дайындоолор тууралуу расмий жазбоого чакырды


Cадыр Жапаров.
Cадыр Жапаров.

Кыргызстандын Британиядагы элчиси Эдил Байсалов эл аралык маалымат каражаттарын Кыргызстандагы өкмөт менен парламенттеги дайындоолорду расмий чечим катары жазбай турууга чакырды. Бул тууралуу элчи «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Мен эл аралык медианы кыргыз өкмөтүндөгү дайындоолор тууралуу түрдүү кабарларга мыйзам талап кылгандай парламенттеги керектүү кворум жана процедуралар менен кабыл алынганга чейин жана мамлекет башчысы тарабынан бекитилгенге чейин эч кандай расмий макам ыйгарбай турууга чакырам», - деп жазды элчи.

Бүгүн Бишкектеги «Достук» мейманканасында Жогорку Кеңештин бир нече депутаты чукул жыйынга чогулган. Жыйынга 60тан ашуун депутаттын катышып жатканы айтылганы менен иш жүзүндө андан аз экени байкалган.

Жыйындын жүрүшүндө парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков өз арызы менен кызматтан кеткени айтылып, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаев шайланганы кабарланган.

Премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетүүгө арыз жазганы кабарланып, анын ордуна өткөн түнү абактан бошотулган Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүн айтышкан болчу.

Бирок Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары бул чечимдин легитимсиз экенин айтып чыгышты.

XS
SM
MD
LG