Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

Жогорку Кеңеш эки бөлүнүп жыйын өткөрүп жатат


Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кабарчыларыбыздын маалыматына караганда, ушул тапта "Достук" мейманканасында спикер Дастан Жумабеков чакырган парламент мүчөлөрү жыйынга чогулушту. Жыйынга журналисттер киргизилген жок. Кворум болгону, жыйында эмне маселе каралганы белгисиз.

Экинчи тарабы Бишкектин борборундагы жыйындар залына чогулду. Ал жерде 47 депутат жыйын өткөрүп жатканы кабарланды. Азырынча жыйындын күн тартиби белгисиз. Депутаттардын арасында Жанар Акаев, "Ата Мекен", КСДП, "Республика" фракциясынын депутаттары жүрөт.

Парламенттин басма сөз кызматы спикер Дастан Жумабеков чакырган чукул жыйын Бишкекте "Достук" мейманканасында өтөрүн, анда өлкөдөгү акыркы саясий кырдаал талкууланары күтүлүп жатканын кабарлаган.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, Өкмөт үйүн, УКМКнын имаратын басып алышты.

Бир катар күч кызматтарынын жетекчилери алмашканы кабарланды. Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы өкмөттүн өкүлдөрү кызматтан кетүү тууралуу арызын жазышты.

Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан.

Сегиз саясий партия координациялык кеңеш түзүшкөн. Координациялык кеңеш парламентти чукул жыйынга чогулуп, жаңы төрага шайлоого жана элдик өкмөттү куроого чакырууда. (ZKo/AiN)

XS
SM
MD
LG