Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:06

Эрика Марат: Атамбаев сот аркылуу бошонуп чыгышы керек


Эрика Марат.
Эрика Марат.

Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат абактан чыгарылган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «качандыр бир кезде Кулов жасагандай, кайрадан түрмөгө барып, сот аркылуу бошонушу керек» деп эсептейт. Бул тууралуу ал «Твиттердеги» барагына жазды.

Ошондой эле профессор кырдаалдан чыгуунун жолу катары «Жээнбеков кетип, ноябрда жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлүшү керек, өкмөт куралып, жаңы депутаттар премьерди шайлашы керек» экенин билдирди.

Абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 6-октябрдын түнүндө митингге чыккан тарапташтарынын күчү менен бошотулган.

XS
SM
MD
LG