Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:34

Германиядагы кыргызстандыктар кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты


Германиядагы кыргызстандыктар президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда. 15-апрель, 2019-жыл.
Германиядагы кыргызстандыктар президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда. 15-апрель, 2019-жыл.

Германиядагы кыргыздар бийликтен кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылып, онлайн петиция жарыялашты. Бул тууралуу Франкфурт-на-Майне шаарында жашаган активисттердин бири Калыгул Жунушбеков «Азаттыкка» билдирди.

Петицияда жазылгандай, Германиядагы кыргыздар «4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын таануудан кескин түрдө баш тартышат жана жеңишке ээ болгон партиялардын парламенттен орун алышына, өлкөдө саясат жүргүзүшүнө жана элдин келечегин аныктоого каршы турушат».

Алар ошондой эле Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго, Конституциялык палатага жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, кайра эркин жана таза шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки күнү баш калаада ири нааразылык акциясы өттү. Анда 12 партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, бийликке кайрадан шайлоо өткөрүү тууралуу талап коюп жатканы айтылды. Митингди милиция күч менен кууп таратты. Бирок аянттын тегерегиндеги көчөлөрдө митингчилер менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин тиреши уланууда.

Сооронбай Жээнбеков 6-октябрда парламенттик шайлоого катышкан 16 партиянын лидерлери менен жолугушууга ниеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG