Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:53

Строкова: Эл добушун өзү сатып жатат


Евгения Строкова.
Евгения Строкова.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, Бишкек, Нарын, Талас шаарларында тынчтык митингдери өтүп жатат. Бишкекте Ала-Тоо аянтында шайлоодон өтпөй калган сегиз партия шайлоонун жыйынтыгын жоккко чыгарууну талап кылууда.

«Биримдик» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон, Жогорку Кеңештин VI чакырылыштын депутаты Евгения Строкова бул кырдаалга жалаң эле шайлоодон өткөн партиялар эмес, өтпөй калгандар да күнөөлүү деген пикирде. Ал «Азаттык» радиосуна:

«Биринчиден, абдан кымбат биометрикалык системага эмнеге каражат салдык? Таза шайлоо баары бир өтпөгөндөн кийин, шайлоодон кийин эл нааразы боло бергенден кийин электрондук документтин эмне кереги бар эле? Айыптоону анда кайсы бир партиянын акчасын алып, башкага салгандарга да коюшсун. Ошондо адилеттик болот да. Чындап келсе, добуш сатып алууга ар бир партияны айыптаса болот. Азыр аянтта бакырып жаткан партияларды деле айыптай алабыз. Бул мүшкүл мурдатан эле болуп келген. Аларды эл алдап кетти да. Бирок партиялар элдин атынан кыйкырып жатышпайбы. Ал эми эл башкаларды шайлабадыбы. Бул менин жеке пикирим. Тилекке каршы, эл эми «биз кыйналдык» деп нааразы болот. Өздөрү сатылып жатпайбы», - деди.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду.

Митингде шайлоо ыплас өткөнү, анын жыйынтыгын жокко чыгаруу жана жаңы шайлоо өткөрүү керек деген талаптар айтылып жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү.

Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан. БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG