Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Москвада «Бүтүн Кыргызстан» ат чабым алдыга чыкты


«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлери.
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлери.

Орусиянын борбору Москва шаарында үч тилке ачылып, 4075 адам добуш берүүгө үлгүрдү. Москвадагы электрондук урналардын алгачкы жыйынтыгы Интернетке жарыяланды.

Добуштардын жарымынан көбү же 2252 шайлоочу «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы үчүн берилген. Экинчи орунду 581 добуш менен «Мекенчил» партиясы камсыздаган. Ал эми «Ата Мекен» партиясы 267 добуш алып, үчүнчү орунда.

Республикалык жалпы жыйынтыкта ийгиликке жетип, биринчи орунду алганы көрсөтүлгөн «Биримдик» 58, ал эми «Мекеним Кыргызстан» 28 добуш алган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөрүлүп, алдын ала эсеп боюнча парламентке өтүүгө мүмкүнчүлүк ачкан 7% босогону төрт партия «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» өтүштү. (MTo)

XS
SM
MD
LG