Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

ИИМ: добуш сатып алуу боюнча 11 факты катталды


Кыргызстандагы парламенттик шайлоо учуру. 4-октябрь, 2020-жыл.
Кыргызстандагы парламенттик шайлоо учуру. 4-октябрь, 2020-жыл.

Соңку маалыматтарга караганда саат 19.00гө карата шайлоо маалындагы мыйзам бузуу боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 21 факты катталды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлү Султан Маликов 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) өткөн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, катталган фактылардын 14ү кылмыштар, жетөө жоруктарга байланыштуу. Негизинен добуш сатып алуу боюнча фактылар көп.

«21 фактынын ичинен 11и добуш сатып алуу боюнча. Калгандары шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу жана майда бейбаштык болуп эсептелет. Бишкек шаарында үч факты, Жалал-Абад менен Ош облустарында бештен, Чүйдө алты факты, Баткен менен Нарын облустарында бирден факты катталды. Андан тышкары каттоо журналына 74 маалымат катталып ИИМде текшерилип жатат»,- деди Маликов.

Кыргызстанда VII чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо жүрүп жатат.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобуна саат 17.00гө карата 79 арыз түшкөнү жарыяланган.

Добуш берүүлөр ар кандай мыйзам бузуу менен коштолуп жатканын шайлоочулар билдирип, сүрөт-видеолорду Интернетке жарыялап жатышат. Шайлоо 20.00дө аяктап, добушканалар жабылышы керек. БШК баштапкы жыйынтык 22.00дө белгилүү болот деп кабарлады. (BTo/NT)

XS
SM
MD
LG