5-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;
Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 15…20;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 13…18;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 19…21 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 12…14° болот.