Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:36

КМШ байкоочулары №2 форма боюнча сунуштарын берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) байкоочулар миссиясы Кыргызстанда көп шайлоочулар добуш бере турган дарегин алмаштырган көрүнүшкө байланыштуу өз сунуштарын берет. Бул тууралуу 4-октябрда «Азаттык» радиосуна КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар миссиясынын штабынын башчысы Олег Кулеба билдирди:

«Шайлоочулардын 410 миңи добуш бере турган дарегин алмаштырганы айтылган. Бул бардык шайлоочулардын 12%. Албетте, биз буга көңүл бурдук. Даректи негизсиз алмаштырууга жол бербөө боюнча сунуштарыбызды беребиз деп ойлойм».

Кулебанын айтымында, 14-сентябрдан бери Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн 151 байкоочусу Кыргызстандын бардык аймактарында иштеп жатат.

4-октябрда алар добуш берүү жалпысынан мыйзам чегинде өтүп жатканын белгилөөдө. Кээ бир жерлерде добуш берүүнүн башталышында үкөк иштебей калган учурлар катталганы айтылды.

30-сентябрда Башкы прокуратура шайлоочулардын добушун сатып алуу жана документ жасалмалоо тууралуу маалыматтарга байланыштуу жалпысынан 83 материал иликтенип жатканын кабарлаган.

Башкы көзөмөл органы ар бир жаран эркин добуш берүүгө, №2 форма менен катталууга укугу бар экенин, аны эч ким мажбурлай албай турганын белгиледи. Бирок эгер №2 форма менен добуш берип жаткандарды кимдир-бирөө топтоп, атайын уюштуруп жатса же документтер жасалмаланып, добуш сатып алуу болгону аныкталса мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскерткен.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 24-сентябрдагы расмий маалыматына караганда, өлкөдө №2 форма боюнча 481 950 арыз түшкөн. Комиссия муну шайлоочуга каттоого турган жери боюнча эмес, өзүнө ыңгайлуу жерден добуш берүүгө шарт түзгөн көрүнүш катары мүнөздөгөн.

Шайлоого катышып жаткан оппозициялык партиялардын талапкерлери №2 форманы добуш сатып алууга шарт түзүү деп атап, БШКны андан баш тартууга чакырган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда өтүп жаткан парламенттик шайлоого 277 эл аралык байкоочу көз салып жатат.

Алар 33 эл аралык уюмдун өкүлдөрү жана дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн келишкен. (RK)

XS
SM
MD
LG