Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:14

Кыргызстанда парламенттик шайлоодо добуш берүү жараяны башталды


Нарын шаарындагы добушканалардын бири. 4-октябрь, 2020-жыл.
Нарын шаарындагы добушканалардын бири. 4-октябрь, 2020-жыл.

Кыргызстанда бүгүн, 4-октябрда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо башталды. Эреже боюнча добушканалар эртең мененки саат 8.00дөн тартып ачылды.

Коронавирус пандемиясынын шартында өтүп жаткан шайлоодо Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун үчүн 16 партия ат салышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, шайлоодо добуш бериш үчүн 2475 тилке даярдалды. Анын 45и чет мамлекеттерде. Чет өлкөдө ачылган добуш берүү тилкелеринин басымдуу бөлүгү Орусиянын аймактарында жайгашкан.

Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554 киши. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Бүгүн Бишкектеги 5-гимназиядагы добушканада добуш бере турган президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону утурлай «Биринчи радиодогу» маегинде шайлоо маселесине кайрылып, добуш сатуу көйгөйү ойлондуруп жатканын айтты. Ал элди добуш сатпоого чакырды.

Жээнбеков президенттик администрациянын шайлоого даярдык көрүү жараянына аралашканы минималдык даражада болгонун жана өкмөт өз алдынча иш алып барганын белгиледи.

Буга чейин жарандык коом жана шайлоого катышып жаткан оппозициялык партиялардын талапкерлери бийликчил партиялардын өкүлдөрү элге акча таратып, добуш топтоо аракетин көрүп жатканын бир канча ирет айтып чыгышкан.

Премьер-министр Кубатбек Боронов шайлоодо санитардык-эпидемиологиялык талаптарды, беткап режимин сактоого элди чакырды. Премьер-министр 3-октябрдагы коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында бул жолку Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жараяны коронавирус пандемиясы маалында өткөрүлгөнү менен өзгөчөлөнүп жатканына токтолду. Шайлоону өткөрүү жогорку уюшкандыкты, анын ичинде эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылууну талап кыларын кошумчалады. (NT)

XS
SM
MD
LG