Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Хабаровскиде экс-губернаторду колдогон кезектеги акция болду


Хабаровск шаары, Орусия.
Хабаровск шаары, Орусия.

Орусиянын Хабаровск шаарында мурдагы губернатор Сергей Фургалды колдогон кезектеги акция уюштурулду.

2-октябрда жарандар "Путин бизге керек эмес!" - деген чакырык менен жүрүшкө чыгышты. Уюштуруучулар жаанчыл аба ырайына карабай, миңдей адам акцияга катышканын кабарлашты. Мэрия болсо беш жүздөй киши болгонун маалымдады.

Хабаровскидеги каршылык акциялары Сергей Фургал 15 жыл мурдагы киши өлтүрүү ишине байланыштуу айыпталып, 9-июлда камалгандан кийин башталган.

Фургал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. Ал Орусиядагы «Бирдиктүү Орусия» партиясына мүчө болбой туруп, 2018-жылкы шайлоодо жеңип, кызматка келген саналуу губернаторлордун бири.

XS
SM
MD
LG