Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:50

Шайлоо мыйзамын бузуу боюнча БШКга 86 арыз түштү


Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) имараты. Сентябрь, 2020-жыл.
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) имараты. Сентябрь, 2020-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобу 2-октябрда жыйынга чогулду.

Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү да кирген координациялык топтун жыйынында шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланышкан маселе талкууланды.

Жыйында белгилүү болгондой, 1-октябрга караганда мыйзам бузууларга байланыштуу 86 кайрылуу БШКга түшүп, электрондук реестрге катталды. Анын кыркы Кылмыш кодексинин 192-беренеси ("Шайлоочулардын добушун сатып алуу"), тогузу 195-берене ("Шайлоо документтерин бурмалоо"), бирөө 191-берене ("Шайлоо укугуна тоскоолдук кылуу") менен байланыштуу.

Ал эми 27си Жоруктар кодексинин 87-1 беренеси ("Административдик ресурс колдонуу"), сегизи 44-берене ("Үгүт шартын бузуу"), бирөө Бузуулар кодексинин 119-беренеси менен катталган.

120 орундуу Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. (NT)

XS
SM
MD
LG