Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

АКШ, Орусия жана Франция Тоолуу Карабак боюнча билдирүү таратышты


Тоолуу Карабактагы салгылаштан улам талкаланган машине.
Тоолуу Карабактагы салгылаштан улам талкаланган машине.

АКШнын, Орусиянын жана Франциянын президенттери Тоолуу Карабактагы абалды жөнгө салуу боюнча бирдиктүү билдирүү таратышты. Бул аймакта беш күндөн бери бир жагында Азербайжан, экинчи жагында Армения менен дүйнөлүк коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак аймагынын куралдуу топторунун ортосунда салгылаш уланууда.

Үч өлкөнүн лидерлери Азербайжан менен Армениянын президенттерин ЕККУнун арачылыгы алдында алдын-ала шарт койбой туруп, сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырышкан.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшүп келген Тоолуу Карабак аймагындагы абал 27-сентябрдан бери курчуп, атышуу уланууда. Кагылышуудан улам 100дөн ашык адам, анын ичинде жайкын тургундар мерт болду. Тараптар бири-бирине урган соккулар, жоготуулары тууралуу апыртылган маалыматтарды берип, маалыматтык согуш да күч алды.

Буга чейин БУУ баштаган эл аралык уюмдар жана бир нече өлкө кырдаалды тынчтык жол менен жөнгө салыш үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган.

Азербайжан менен Армения атышууну токтотуудан баш тартып жатышат. Ушундан улам куралдуу кагылыш дагы күчөйт деген кооптонуу көбөйдү.

XS
SM
MD
LG