Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:38

Өзбекстан авиа, темир жол жана транспорт каттамын жандантты


Өзбек-кыргыз чек арасы.
Өзбек-кыргыз чек арасы.

1-октябрдан тартып Өзбекстанга авиа, темир жол жана кара жол аркылуу «санитардык-гигиеналык, карантиндик чараларды катуу сактоо менен» кирүүгө уруксат берилди. Мындай чечимди республикалык атайын комиссия 17-сентябрда кабыл алган.

Бирок Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги «казак-орус чек арасы ачылат жана Орусиядагы өзбек мигранттары Казакстан аркылуу өз мекенине келе алат» деген маалыматтарды төгүндөдү.

Бүгүнтөн баштап Өзбекстанга Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Ооганстандан кара жол аркылуу кирүүнү каалагандар милдеттүү түрдө коронавирусту аныктоочу ПЧР тест тапшырып, 14 күндүк карантинге жаткырылат.

Ал эми Кытай, Таиланд, Малайзия, Түштүк Корея, Грузия, Венгрия, Финляндия, Латвия, Австрия жана Жапония сыяктуу өлкөлөрдүн аймагында акыркы 14 күн болгондор Өзбекстандын аймагына чектөөсүз өтөт.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттериндеги чектөө сентябрь айынын башында алынган.

XS
SM
MD
LG