Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

Президент Сооронбай Жээнбеков биологиялык ар түрдүүлүк боюнча саммитте видео кайрылуу жасайт


Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков.

Нью-Йоркто өтүп жаткан биологиялык ар түрдүүлүк боюнча саммитте Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун сөзү түз көрсөтүлөт.

Президенттик аппараттын маалыматына караганда, мамлекет башчы өз кайрылуусунда өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү бөлүгүн «экологиялык» дипломатия жана жашыл экономика ээлегенин айтат. Ошондой эле президент Кыргызстандын айлана-чөйрөнү коргоо тармагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилейт.

Сооронбай Жээнбековдун сөзү 1-октябрга караган түндө түз көрсөтүлөт.

21-23-сентябрда БУУ Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөгөн. Ал өлкөнүн тышкы карызын терең реструктуризациялоону туруктуу өнүктүрүүчү долбоорлорго алмаштырууну эл аралык донорлорго жана финансы институттарына сунуш кылган.

Мындан тышкары Кыргызстан алдыдагы мөөнөттөргө БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин койгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG