Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:03

Башкы прокуратура Кадыр Атамбаевдин айткандарына жооп кайтарды


Кадыр Атамбаев. Август, 2019-жыл.
Кадыр Атамбаев. Август, 2019-жыл.

Башкы көзөмөл органы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин 28-сентябрда «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган видеосуна жооп кайтарды.

29-сентябрда таратылган билдирүүдө Конституциянын 104-беренесине ылайык, прокуратурага иликтеп-тергөөчү органдардын ишине көзөмөл кылуу милдети жүктөлгөнү кабарланган. Мындан тышкары Кыргызстандын 1999-жылы кабыл алынган Жазык-процессуалдык кодексинин 34-беренесинде прокурор кылмыш ишин иликтөөнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл кылууга, кылмыш ишин иликтөөнү тергөөчүгө же тергөө тобуна тапшырууга, тергөөчүгө берилген ишенбестикке уруксат берүүгө, тергөөчүгө кылмыш ишин иликтөө боюнча кат түрүндө көрсөтмө берүүгө, кылмыш ишин квалификациялоого, прокурордун ишине макул болбогон тергөөчүнүн каршылыгын кароого укуктуу экени көрсөтүлгөн.

«Жазык-процессуалдык кодексинин 34-4-беренесине ылайык, прокурордун тергөө жана иликтөө органдарына арыздарды кароо, кылмыш жана иликтөө тууралуу билдирүү боюнча берген көрсөтмөсү милдеттүү болуп саналат. 2019-жылы 26-августта Башкы прокуратура Мамлекеттик тарых музейин капиталдык оңдоодогу коррупциялык иштер боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишин изилдеген. Натыйжада Жазык-процессуалдык кодексинин 34-беренеси боюнча УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына кат түрүндө көрсөтмө берилген. Прокурордун көрсөтмөсүн аткаруу ушул эле кодекстин 36-беренесине ылайык, тергөөчүнүн милдети болуп саналат. Эгер тергөөчү прокурордун көрсөтмөсүнө макул болбосо, анын үстүндөгү прокурорго өз жүйөсүн кат түрүндө билдирүүгө укуктуу. Бирок бул аракети анын прокурордун берген көрсөтмөсүн аткарбай коюшуна жол бербейт», деп айтылат билдирүүдө.

Ага ылайык, Мамлекеттик тарых музейине байланыштуу кылмыш ишинде УКМК тарабынан Башкы прокуратуранын көрсөтмөсүнө каршылык болгон эмес.

2018-жылы прокуратура тарабынан жогоруда белгиленген беренеге ылайык, өлкөнүн бардык укук коргоо органдарында иликтенип-тергелип жаткан кылмыш иштери изилденип чыккан. Анын натыйжасында иликтеп-тергөө органдарына 7688 көрсөтмө кат түрүндө берилген.

Ошондой эле Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө Кадыр Атамбаев сөз кылган Арстанбек Боромбаев прокуратурада 1995-жылдан бери иштеп келе жатканы, анын басымдуу бөлүгүн жетекчилик кызматтарда иштегени маалымдалган. 2019-жылы Башкы прокуратуранын бөлүм башчылык кызматынан өз арызынын негизинде бошотулганы, жакшы кызматы үчүн бир катар сыйлыктарга ээ болгону тууралуу жазылган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев 28-сентябрда «Апрель» каналы аркылуу жасаган билдирүүсүн «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган. Ал президент Жээнбековдун Башкы прокуратурада бөлүм башчы болуп иштеген жээни Арстанбек Боромбаев мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун кылмыш ишин көзөмөлдөгөнүн, ишти караган тергөөчүгө кат түрүндө көрсөтмөлөрдү бергенин айткан. Мындан тышкары Кадыр Атамбаев Ички иштер министрлигинде, «Айыл банктын» Чүй облусундагы филиалында, Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-батыш бөлүмүндө президент Сооронбай Жээнбековдун туугандары иштеп жатканын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG