Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:02

Тажикстан Тоолуу Карабактагы чатакты дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды


Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Тоолуу Карабак аймагындагы кагылыш боюнча тынчсыздануусун билдирди. Расмий Дүйшөмбү 28-сентябрда тараткан билдирүүсүндө жаатташкан эки тарапты атышууну токтотуп, Тоолуу Карабактагы абалды саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

Буга чейин дал ушундай эле билдирүүлөрдү Казакстандын жана Өзбекстандын Тышкы иштер министрликтери да тараткан болчу.

Тоолуу Карабактагы абал боюнча Кыргызстандын бийлиги өз позициясын билдире элек.

Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр Армения жана Азербайжан менен достук мамиледе. Тактап айтканда, чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ичинен Тажикстандан башкасы Түрк тилдүү өлкөлөр кеңеши уюмуна мүчө болсо, Өзбекстандан башка өлкөлөр Армения менен Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунда өнөктөш.

Азербайжан менен Армения чектешкен аймакта 27-сентябрдан бери кырдаал курчуп жатат. Эки тараптан ондогон адамдар каза болгону кабарланды. Учурда эки өлкө тең аскердик абал жарыялаган.

XS
SM
MD
LG