Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Кувейттин эмири шейх ас-Сабах каза болду


Сабах аль-Ахмад ас-Сабах.
Сабах аль-Ахмад ас-Сабах.

Кувейттин эмири Сабах аль-Ахмад ас-Сабах 91 жашында көз жумду. Бул тууралуу эмирдин хан сарайы 29-сентябрда кабарлады.

«Кувейт өлкөсүнүн эмири Сабах аль-Ахмад ас-Сабахтын дүйнөдөн кайтканын терең кайгыруу менен жоктоп жатабыз», - деп билдирди телекайрылуусунда өлкөнүн падышалык иштер министри шейх Али Жаррах аль-Сабах.

Эмирдин ооруп жатканы бир нече айдан бери айтылып жаткан. Ал өткөн жылдан бери бир нече жолу ооруканага түшкөн болчу.

Шейх Сабах Перс булуңундагы мунайга бай, АКШнын өнөктөшү болгон өлкөнү 2006-жылдан бери башкарып келген. Ага чейин 50 жылдан ашык Кувейттин тышкы саясат мекемесин жетектеген. Анын ордуна иниси шейх Наваф аль-Ахмад ас-Сабах эмир болуп калат.

Кувейттин тарыхындагы эң курч кризис 1990-жылы болгон. Анда ошол кездеги Ирактын диктатору Саддам Хусейн Кувейтке кол салып, өлкөнү жети ай басып турган. 1991-жылы АКШнын аскерлеринин жардамы менен Ирактын баскынчылыгынан өлкө бошонгон.

XS
SM
MD
LG