Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:30

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго сөгүш жарыяланды


Сабиржан Абдикаримов.
Сабиржан Абдикаримов.

Премьер-министр Кубатбек Боронов Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын 29-сентябрдагы жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго жана анын статс-катчысы Калысбек Шадыхановго сөгүш жарыялады.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, министр менен статс-катчыга сөгүш «мамлекеттик сатып алуу боюнча тийиштүү көзөмөл жүргүзгөн эмес» деген негизде берилген. Бирок анда кайсы сатып алуу тууралуу сөз болгонун өкмөт так билдирген жок.

Штабдын жыйынында коронавирустун жайылышына байланышкан кырдаал кооптуу болуп жаткандыктан, коомдук жайларда, транспортто, коомдук тамактануу түйүндөрүндө, соода аянттарында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү белгилүү болду.

Боронов бир катар райондордо вирус жугузгандардын көбөйүшүнө тынчсыздануу билдирди. Ал санитардык эрежелердин жана киргизилген чектөөлөрдүн сакталышына тиешелүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн жергиликтүү бийлик менен ички иштер органдарынын ишин сынга алды. Илдеттин тарашынын алдын алууда жергиликтүү бийлик жетекчилеринин жоопкерчилиги жогору экенин эскертти.

«Жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаалга силер жооптуусуңар. Коопсуздук үчүн бардык жагынан чара көрүп, көзөмөлдү күчөтүш керек. Эгер илдет күч алса, ага жооптуу экениңерди унутпагыла», - деди Кубатбек Боронов.

Статистика акыркы күндөрү Кыргызстанда вируска чалдыккандар улам көбөйүп жатканын көрсөтүүдө.

29-сентябрга карата COVID-19 илдети лабораториялык жол менен 167 кишиден жаңы аныкталды. Илдет жуккандардын саны боюнча Баткен, Жалал-Абад, Ош облустары алдыда. Пандемия башталган март айынан бери 1064 адам вирустун курмандыгы болду. Марттан бери илдет жугузуп алгандардын саны 46522 кишиге жетти.

Расмий эсеп боюнча учурда 761 бейтап ооруканаларда, 1484 киши үй шартында дарыланууда. Анын 42 761и айыгып чыкканы айтылды. (NT)

XS
SM
MD
LG