Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

Тажикстанда коррупция менен күрөшкөн кызматкерлерге талап күчөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөш агенттигинин кызматкерлерине мындан ары бир иш ордунда үч жылдан ашык иштегенге тыюу салынды. Өкмөт мындай чечим паракорчулукка каршы күрөштү күчөтүү максатында, коррупция менен күрөшкөн кызматкерлер башка мамлекеттик мекеме-органдардын өкүлдөрү менен тымызын, жең ичинен келишип алган көрүнүштөрдү жоюш үчүн кабыл алынганын билдирди. Мындан ары агенттиктин кызматкерлери милдеттүү түрдө үч жыл сайын ротацияланып турмакчы.

Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөш агенттиги 2007-жылы түзүлгөн, бирок өлкөдө кызматтык коррупция, паракорчулук башкы маселелердин бири.

Тажик коомчулугунда коррупция менен күрөшүүчүлөргө карата «мугалимдерге, дарыгерлерге жана жамаат өкүлдөрүнө гана күчү жетет, жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрүнө көз жумду мамиле кылат» деген доомат айтылып келет.

«Transparency International» уюмунун рейтингинде Тажикстан коррупциянын деңгээли боюнча 180 мамлекеттин ичинен 150-орунда турта. Башкача айтканда, бул мамлекет дүйнөдөгү эң коррупцияланышкан 30 өлкөнүн бири болуп саналат.

XS
SM
MD
LG