Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:53

Чүй милициясы түрк жаранына кол салууну иликтеп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй милициясы Аламүдүн районунда Түркиянын жаранына кол салуунун чоо-жайын иликтеп жатат. Бул тууралуу 28-сентябрда «Азаттыкка» облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Назира Имангазиева билдирди.

Анын айтымында, окуяга байланыштуу 36 жаштагы келин суракка алынды, бирок аны айыптуу деп айтууга азырынча негиз жок.

«Кээ бир маалымат агенттиктери бул кылмышка келиндин тиешеси бар экенин жазып жатышат. Анын тек-жайы аныкталып, суракка алынды. Бардык версиялар каралып, ыкчам издөө иштери жүрүп жатат».

Милиция окуя Кашка-Суу айылында болгонун, чет өлкөлүк жаранга кол салгандар изделип жатканын кабарлады.

Интернетке тараган маалыматка караганда, кыргызстандык келин түрк жараны менен Интернеттен таанышкан. Экөө жаратылышка эс алганы чыккан жерден чет өлкөлүккө кол салуу болгон. Белгисиз бирөөлөр ага бутуна тапанчадан ок атып, жанындагы 80 миң сомун алып кетишкен. (RK)

XS
SM
MD
LG