Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:52

Жемкорлукка каршы жаңы стратегияга «саясий коррупция» деген түшүнүк кирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын коррупцияга каршы жаңы стратегиясынын азыркы абалды мүнөздөгөн бөлүмүнө «саясий коррупция» деген өзүнчө бөлүк кирди. 28-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков «2021-2024-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияны» бекиткен жарлыкка кол койду.

Анда саясий коррупция өлкөдө болуп жаткан саясий процесстерде дагы эле бар экени белгиленди.

Буга көп суммадагы акча каражатынын жүгүртүлүшү, айрым топтордун жана адамдардын мамлекеттик процесстерге тийгизип жаткан саясий таасири жана саясий партиялардын киреше-чыгашасы тууралуу маалыматтын жабыктыгы себеп болуп жатканы айтылды.

Жаңы стратегияда Кыргызстандагы саясий жемкорлук тууралуу эл аралык антикоррупциялык уюмдар да айтып жатканы жана бул тууралуу изилдөөлөрү да бар экени жазылды.

«Трансперенси Интернешнл» уюмунун изилдөөсүнүн жыйынтыгынан «2019-жылы саясат, акча жана коррупция үчөөнүн ортосунда байланыш болгон. Саясаттагы чоң акчанын көзөмөлдөөгө мүмкүн болбогон агымы да мамлекеттик саясатты таасирден коргой албай жатат» деген үзүндү келтирилди.

Антикоррупциялык жаңы стратегиянын долбоору 17-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул стратегия Кыргызстандын акыркы жылдары жасап жаткан ишинин ырааттуу уландысы болууга тийиш экенин айтып, сегиз жыл мурдагы стратегия өлкө туш болгон ошол кездеги коркунучтарга жооп бергенин белгилеген.

Буга чейинки стратегия 2012-жылы кабыл алынган болчу. Анда «саясий коррупция» деген түшүнүк камтылган эмес.

Коомчулукта өлкө жетекчилигинин жемкорлукка каршы күрөш тууралуу айткандары ишке ашпай жатканы жөнүндө пикирлер айтылып келатат.

«Азаттыктын» талкуусуна катышкан айрым серепчилер депутаттыкка талапкерлер бүгүн «саясий коррупцияны» гүлдөтүп жатат деген пикирин айтышкан. (RK )

XS
SM
MD
LG