Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:40

«Кул болбо!» акциясынын алкагында Ошто да активисттер чогулду


«Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун эгемендикке байланыштуу сөздөрүнө каршы митинг. Ош, Кыргызстан. 27-сентябрь, 2020-жыл.
«Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун эгемендикке байланыштуу сөздөрүнө каршы митинг. Ош, Кыргызстан. 27-сентябрь, 2020-жыл.

«Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендикке байланыштуу сөздөрүнө каршы «Кул болбо!» деп аталган нааразылык акциясы Ош шаарында да уланды. Чогулгандар «Кул болбо!», «Маңкурт болбо!», «Бөтөн жерде султан болгуча, өз жериңде ултан бол» деген чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп чыгышты.

Оштогу акция Ак-Буура дарыясынын үстүндөгү подиумдан жүрүш менен башталып, Алымбек Датка эс алуу багында уланды.

Ушунда эле аталыш менен 27-сентябрда Бишкек шаарынын борбордук аянтында нааразылык митинги өттү. Борбордо чогулгандар Марат Аманкуловдун сөзүндө жикчилдик бар экенин айтып, аны жоопкерчиликке тартууну өтүнүштү. Акцияда парламенттик шайлоого катышып жаткан «Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа», «Чоң казат» партияларынын өкүлдөрү да сөз алып, саясий жарыштагы атаандашынын кебин айыпташты.

Демонстранттар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Башкы прокуратурага арыз жазып, ага кол коюшту. Акциянын катышуучулары Марат Аманкуловдун сөзүнө юридикалык баа берүүнү талап кылышты.

26-сентябрда Интернетте Марат Аманкуловдун сөзү жазылган кыска видео тараган. Анда ал «Евразиялык Экономикалык Биримдик түзүлгөнү менен калктардын ортосунда байланыш жетишсиз болуп жатканын, ал азырынча элдик уюм эмес экенин» билдирген. Аманкулов андан ары өзү төрагалык кылган «Биримдик» партиясы тууралуу айтып, анын башкы идеясы «Евразиячылык» экенин, алар ошого умтуларын кошумчалайт.

«Биздин 30 жылдык көз карандысыздыгыбыз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразиянын жалпы аймагында бириккен гана мамлекет Евразияда эгемен мамлекет боло алат. Биз, кыргыздар өзүбүздү субъект катары жоготуп албаш үчүн чогуу интеграцияланышыбыз керек», - деген анда Марат Аманкулов.

Бул күнү түштөн кийин Аманкулов билдирүү таратып, видеону чагым деп атаган. Ал видео 2019-жылы Кыргызстан менен Орусиянын Эриш-аркак жылын өткөрүүнүн алдындагы Москвадагы маданий иш-чарада тартылганын айтып, андагы сөздөрү контексттен суурулуп алынганын билдирген.

Жогорку Кеңештин расмий сайтында бул жолугушуу былтыр жыл аягында эмес, быйыл февраль айында өткөнү тууралуу маалымат турат.

Социалдык тармактарда муну Кыргызстандын эгемендигине шек келтирүү катары баалап, сын пикирин айткандар көп болууда. (ErN\DU)

XS
SM
MD
LG