Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Жалал-Абаддагы «Эти Бакыр Терек-Сай» кенинде алтын чыгаруучу фабриканын курулушу башталды


«Терек-Сай» кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын курулушуна премьер-министр Кубатбек Бороновдун капсула салуу учуру. 26-сентябрь, 2020-жыл.
«Терек-Сай» кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын курулушуна премьер-министр Кубатбек Бороновдун капсула салуу учуру. 26-сентябрь, 2020-жыл.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Терек-Сай» кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын курулушу башталды. Өкмөттөн 26-сентябрда кабарлашкандай, анын капсула салуу аземине премьер-министр Кубатбек Боронов катышты.

Азем учурунда өкмөт башчы коронавирус пандемиясына карабай, ишканалар өндүрүшүн улантып жатканын кубаттады.

«Региондорду өнүктүрүү – президенттин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Бул багыттагы кадамдардын бири катары аймактарга чет элдик инвесторлорду тартуу болуп саналат. Ал үчүн өкмөт бардык зарыл шарттарды түзүүдө. Алсак, ченемдик-укуктук режим стабилизацияланган, салыктык жеңилдиктер түзүлгөн. Ошол эле учурда инвесторлорго карата шарттар коюлуп, алар аны аткарууда. Бүгүн биз алтын чыгаруучу фабриканын курулушуна капсула салуудабыз. Келечекте бул окуя Чаткал районунун гана эмес, бүт өлкөнүн өнүгүүсүнө да таасирин тийгизет», - деди Кубатбек Боронов.

Чаткалдын Терек-Сай айылындагы Ашуу (Перевальное), Терек жана Тереккандагы кендерди «Эти Бакыр Терек-Сай» биргелешкен компаниясы иштетет. Анын капиталынын 75% - «Эти Бакыр» түрк компаниясына, 25% «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна тиешелүү.

Компания кенге 2016-жылдан тартып 100 млн. АКШ долларлык инвестиция салган. Буга катар социалдык-экономикалык колдоо жаатындагы келишимге ылайык, Терек-Сай айылына 50 млн. сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

Өкмөттөн кабарлашкандай, «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасында 646 адам иштейт, анын 90% - жергиликтүү тургундар.

Ишкананын кубаттуулугу жылына 1 млн. тонна кенди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Учурда ишканада алтын чыгаручу фабриканын курулушу жана калдыктарды көмүүчү жайды курууга даярдыктар жүрүүдө. Фабрика иштеп баштаганда, мында алтын жана күмүштүн эритмеси өндүрүлөт. Иштетилип жаткан кенде мышьяк бар экени экени да аталган ишкананын өзгөчөлүгү катары аталып келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG