Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Улуттук банк 19,6 млн. доллар сатты


Улуттук банк 25-сентябрда валюта рыногунда интервенция жасап, 19,6 миллион АКШ долларын сатыкка чыгарды. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.

Башкы каржы көзөмөл мекемеси акыркы жолу 23-сентябрда 11,2 миллион доллар саткан. Бул аракет улуттук валюта – сомду колдоо максатында ишке ашууда.

2020-жылдын башынан бери валюта рыногунда ушуну менен жалпы 12 интервенция жасалып, сатылган доллар 258,2 миллионду түздү.

Акыркы кезде Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу жогорулап жатат. 26-сентябрда бир доллардын наркы расмий түрдө 79,49 сомго бааланууда. Талдоочулар соңку эки жумада доллардын курсу 79 сомдон ашып кеткени валюта рыногундагы жеңил дүрбөлөңгө негиз болгонун белгилешти. (ErN)

XS
SM
MD
LG