Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Түркмөнстан Баш мыйзамын өзгөрттү


Гурбангулы Бердымухаммедов.
Гурбангулы Бердымухаммедов.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов 25-сентябрда өлкөнүн Конституциясына алымча-кошумчаларды киргизген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өкмөттүк «Түркмөнстан бүгүн» маалымат агенттиги кабарлады.

Баш мыйзамды жаңылоону былтыр президент өзү сунуш кылып, аны иштеп чыгыш үчүн түзүлгөн комиссияны жетектеген. Конституциянын долбоору түркмөн парламенти Межлисте бир добуштан колдоо тапкан.

Негизги мыйзамга кандай алымча-кошумчалар киргизилгени өлкө жарандарына так белгисиз. Белгилүүсү - Межлис менен жылына кеминде бир ирет жыйын куруучу Элдик кеңеш биригип, өлкөдө кош палаталуу парламент түзүлөт.

Түркмөн бийлигин сындап жүргөндөр Бердымухаммедов Конституцияны өзгөртүү менен өмүр бою президент болуп калуунун, ордуна уулун калтырып кетүүнүн аргасын издеп жатат деп эсептешет. Августтун аягында жана сентябрдын башында Кошмо Штаттардын бир нече шаарында түркмөнстандыктар митингге чыгып, Бердымухаммедовдун кызматтан кетишин талап кылышкан.

2006-жылы бийликке келген Гурбангулы Бердымухаммедов өзүнөн мурдагы президент Сапармурад Ниязов сыяктуу эле диктатура орнотуп, адамдын керт башына сыйынууну күчөткөнүн эл аралык укук коргоочулар да баса белгилешет.

XS
SM
MD
LG