Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:11

Сооронбай Жээнбеков Орусия менен Венгрияга барууга камынууда


Cооронбай Жээнбеков.
Cооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти сентябрдын этегинде Орусияга жана Венгрияга барат. Расмий маалыматка ылайык, 28-сентябрда Орусияга жумушчу сапар менен, ошол эле күнү Венгрияга эки күндүк расмий сапар менен барат.

25-сентябрда Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен онлайн кеңешме өткөрүп, алдыдагы сапарларды талкуулады.

Жээнбеков Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Венгрияда премьер-министр Виктор Орбан, президент Янош Адер жана Улуттук Жыйындын спикери Ласло Кёвер менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 2018-жылы сентябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келген. (SE)

XS
SM
MD
LG