Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:00

Нобелдин байге фонду көбөйдү


Беларус жазуучусу Светлана Алексиевич Нобелдин адабият сыйлыгын алган учур. Стокгольм, 10-декабрь, 2015-жыл.
Беларус жазуучусу Светлана Алексиевич Нобелдин адабият сыйлыгын алган учур. Стокгольм, 10-декабрь, 2015-жыл.

Нобел фонду ар бир сыйлыгы үчүн берилчү байгесине дагы 110 миң доллар кошууну чечти. Бул тууралуу фонддун төрагасы Ларс Хейкенстен швециялык «Dagens Industri» гезитине 24-сентябрда билдирди.

Ошондо ар бир сыйлыктын акчалай байгеси 10 млн. швед кронуна же 1,1 млн. долларга жетет.

125 жыл мурда швед окумуштуусу Альфред Нобел 31 миллион кронун, учурдагы курска айлантканда 1,8 млрд. кронун мураска калтырып, илим чөйрөсүндө ийгиликке жеткендерге байге катары үлөштүрүү керек экенин көрсөткөн.

1901-жылы Нобел сыйлыгы негизделип, тапшырылып келет. Медицина, физика, химия, адабият, тынчтык жана экономика номинацияларынын ээлери 5-октябрдан тартып аныктала баштайт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Стокгольмдо өтүүчү салттуу сыйлоо аземи жана сый тамак болбой турганы, Нобел сыйлыгы лауреаттардын өз өлкөлөрүнө жеткирилери кабарланган.

XS
SM
MD
LG