Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:08

Шайлоого бараткан партиялар менен медиа уюмдар келишим түзүштү


«Сөз эркиндиги тууралуу келишим» түзүү алдында. 24-сентябрь, 2020-жыл.
«Сөз эркиндиги тууралуу келишим» түзүү алдында. 24-сентябрь, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайлоого катышып жаткан саясий партиялар менен маалымат каражаттары «Сөз эркиндиги тууралуу келишим» түзүштү. 24-сентябрда өткөн келишим түзүүгө шайлоого аттанып жаткан 16 партиянын 14ү катышты. «Кыргызстан» жана «Республика» партияларынын өкүлдөрү келген жок. «Замандаш» партиясынын өкүлү кечигип жатканы айтылды.

Иш-чарага келген партиялардын өкүлдөрү сунушка макулдугун билдирип, келишимге кол коюшту.

Келишимге демилгечи болгон «Медиа диалог» уюмунун маалыматына караганда, «Сөз эркиндиги тууралуу келишим» - юридикалык күчү жок, өз ара түзүлгөн келишим. Анда партиялар шайлоодо утуп, парламентке келсе журналисттердин сынына чычалап, сотко чуркабай, өздөрүнүн үстүнөн иштешет. Жогорку Кеңеште кабыл алынган медиа тармакка тиешеси бар мыйзамдар сөз эркиндиги менен ойду эркин билдирүү жаатын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү керек. Мындан тышкары социалдык тармакта, Интернет айдыңында пикирин билдиргени үчүн адамды жоопкерчиликке тартуу өнөкөтүн токтотуу сыяктуу талаптар жазылган.

Уюштуруучулар белгилегендей эгемен Кыргызстандын тарыхында сөз эркиндигин жана жалпы жарандардын пикир билдирүүсүн чектөө аракеттери улам көрүлүп келет. Алар келишимге кол койгон партиялар парламентке келгенде ага жол бербейт деген ишеничин билдиришти.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 партия катышууда.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG