Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Кыргызстанда электрондук капчыкты идентификациялоонун мөөнөтү аяктоодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып идентификациядан өтпөгөн электрондук капчык ээлерине кызмат көрсөтүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирет.

Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. Мекеме мыйзамга байланыштуу бир жума ичинде электрондук капчыктарды идентификациялоо зарыл экенин жарандарга эскертти.

Мыйзам боюнча 1-октябрдан тартып идентификацияланбаган электрондук капчыктардын бардык финансылык операциялары токтотулууга тийиш.

Идентификация үчүн жарандар тиешелүү коммерциялык банктарга, төлөм жүргүзгөн уюмдарга жана уюлдук байланыш операторлоруна кайрылышы керек. Шарты жокторго идентификациядан онлайн өтүүгө да мүмкүнчүлүк бар экени айтылды.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда учурда эки миллиондон ашуун жаран электрондук капчык кызматын колдонот.

Коронавирус пандемиясында анын колдонуучулары көбөйгөн. Өлкөдө жалпысынан 11 электрондук капчык кызматы бар. (NT)

XS
SM
MD
LG