Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:27

Лукашенко шашылыш ант берди


Лукашенконун инаугурациясы. Минск, 23-сентябрь, 2020-жыл.
Лукашенконун инаугурациясы. Минск, 23-сентябрь, 2020-жыл.

Минскиде президент Александр Лукашенконун кезектеги беш жылдык кызматтык мөөнөткө киришүү аземи өттү. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА агенттиги маалымдады. Инаугурация тымызын даярдалып, анын датасы тууралуу алдын-ала айтылган эмес.

66 жаштагы Лукашенко өлкөдө 9-августтагы шайлоодон кийин нааразылык акциялары тынчыбай жаткан шартта ант берди. Ал Беларусту 26 жылдан бери башкарып келатат.

Митингдер менен жүрүштөргө чыккандар Лукашенкону бийликтен кетүүгө, 9-августтагы добуш берүү бурмаланганын айтып, эркин жана калыс шайлоо өткөрүүгө чакырып келатышат. Президент ал акцияларга күч менен жооп берген. Көптөгөн демонстрант кармалып, таяк жеп, айрымдары кыйноого туш болду.

Оппозициянын лидери Светлана Тихановская инаугурация өткөрүү аракети «мыйзамсыз» болорун буга чейин айткан.

XS
SM
MD
LG