Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:23

БШК: «Мекеним Кыргызстандан» аялдардын чыгып кетиши тизмедеги квотаны бузбайт


«Мекеним Кыргызстан» партиясынан сегиз аял талапкердин чыгып кетиши тизмедеги гендердик квотага таасир этпейт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

«Квота БШКга талапкерлердин документтерин тапшырган кезде гана эске алынат. Кийин талапкерлердин тизмеден чыгып кетишине байланыштуу өзгөрүүлөр мыйзам ченемдүү эле көрүнүш», - деди Бекматов.

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен тогуз талапкер чыгып кеткени, алардын сегизи аял, бирөө эркек экени 23-сентябрда расмий кабарланган.

Аталган партия БШКга 200 талапкердин тизмесин тапшырган. Баш тарткан тогуз киши тизмеде жүзүнчү катардан ары жайгашкан.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык саясий партиялар БШКга 75тен аз эмес, 200дөн ашпаган талапкердин документин тапшырышы керек.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 партия ат салышат.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, парламентте 30% гендердик квота каралган. (SE)

XS
SM
MD
LG