Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Жекшенкулов: Оренбургда турган мигранттардын маселеси жакын арада чечилет


Аликбек Жекшенкулов.
Аликбек Жекшенкулов.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Оренбург аймагында ара жолдо калган кыргызстандыктарды мекенине өткөрүү боюнча казак, орус бийлиги менен сүйлөшүү жүрүп жатканын, маселе жакын арада чечилерин «Азаттыкка» маалымдады.

«Орусиянын бийлиги орус-казак чек арасына чейин бекер ташып барат. Анда ары кыргызстандыктар автобустар менен сүйлөшүп, өздөрү төлөп Кыргызстанга жетиши керек. Төртүнчү күнү бул маселе чечилип калат деп жатам», - деди Жекшенкулов.

Жекшенкулов пандемия башталгандан бери Орусия менен Казакстан чек арасын бир гана жолу ачып берүүгө макул болгонун белгилеп, мигранттарды жолго чыкпоого чакырды. Ошондой эле «Кыргызстанга алып кетем» деген шылуундар көп болуп жактанын белгилеп, расмий маалыматка гана ишенүү керек экенин кошумчалады.

Элчиликтин эсебинде Орусиянын Оренбург облусунун жана Башкыртстан Республикасынын аймагында чек арадан өтө албай 3500дөй кыргызстандык кармалып турат. Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жакын арада алар үчүн жашыл коридор уюштуруу пландалып жатканын, консул чек арада топтолгондор менен жолугушуп жүргөнүн 21-сентябрда билдирген.

Элчиликтин маалыматына ылайык, орус тарап кыргызстандыктарды жатаканаларга, балдар лагерлеринин айланасына чатыр тигип жайгаштырган. Элчилик Казакстандын чек аралары жабык экенин эскертип, Орусиядагы кыргызстандыктарга орус-казак чек арасы тарапка сапарга чыкпоону, зарыл болгон учурда аба каттамдары менен барууну сунуш кылып келе жатат.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери Орусиядан жалпысынан 40 968 кыргыз жараны мекенине кайткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG