Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

Баку Армения менен чек арасында бир аскери мерт болгонун билдирди


Тоолуу Карабак. 20-апрель, 2020-жыл.
Тоолуу Карабак. 20-апрель, 2020-жыл.

Азербайжан Армения менен чек арасында чыккан тирешүүдөн бир аскеринин өмүрү кыйылганын билдирди. Өлкөнүн Коргоо министрлиги маалымдагандай, окуя Азербайжандын Армения менен чектеш Товуз аймагында 21-сентябрда шашке маалында болгон.

Расмий Баку кичи сержанттын өлүмүн чагым катары мүнөздөгөнү менен чек арада кандай окуя болгонун так белгилеген жок. Бирок 20-сентябрда Армениянын бир дрону атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Өткөн аптада Армения да ушул эле аймактагы атышуудан жана артиллериялык аткылоодон бир жоокери мерт болгонун кабарлаган. Эки тарап чек арада кийинки убакта күчөгөн жаңжалдар үчүн бири-бирин айыптап жатат.

Ереван менен Баку Азербайжандан бөлүнүп кеткен, армян жикчилдери көзөмөлдөгөн Тоолуу-Карабак аймагына байланыштуу көп жылдан бери чатакташып келатышат. Быйыл июль айында чек арадагы дрон чабуулдарынан жана артиллериялык аткылашуулардан кеминде 17 адам мерт болгон.

XS
SM
MD
LG