Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Акыйкатчы: Укук коргоо органдары Аравандагы чатактын алдын алууга тийиш болчу  


Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов шайлоо мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары саясий партиялардын жыйындарында коопсуздукту камсыз кылып берүүгө тийиш экенин белгилеп, «Араванда күч органдары чатактын алдын ала албай калды» деген билдирүү таратты. Омбудсмендин билдирүүсү мекеменин сайтында жазылды.

Билдирүүдө «Араван районунда укук коргоо органдары жеринде ыкчам аракеттерди көрүп, окуяны алдына алууга мүмкүн болчу», деп айтылат.

Мамытов өлкөнүн бардык күч органдары жана Борбордук шайлоо комиссиясы Араван районундагы чырды терең иликтеп, күнөөкөрлөр жазага тартылышы керек экенин белгиледи. Акыйкатчы шайлоодо партиялар таза атаандаштык көрсөтүшү керек экенин кошумчалады.

Араванда шайлоо үгүтүнүн убагында чыккан чатакта жабыркап кайрылган 12 кишинин алтоо ооруканада жатат. Алардын көбүнүн мээси чайкалган. Жабыркагандардын арасында «Биримдик» партиясынан парламенттик шайлоого талапкер болгон Шукрилло Файзуллаевдин эки иниси, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын Юсупова айыл өкмөтүндөгү штаб башчысы жана анын уулу бар.

20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алганын, бирөөнүн абалы оор экенин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев кабарлаган. Башаламандыкта беш автоунаа талкаланган. Араван райондук милициясы окуяны териштирүүдө.

Мушташ жогоруда аталган эки партиянын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышты.

Ички иштер министрлиги коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн райондук милициянын башчысы Сактан Исмаилов иштен алынганын билдирди.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (TSh)

XS
SM
MD
LG