Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:35

Кара-Суу мэриясы «Мекенчил» партиясына борбордук аянтта жыйын өткөрүүгө уруксат берген жок


Кара-Суунун борбордук аянтындагы курулуш техникасы.
Кара-Суунун борбордук аянтындагы курулуш техникасы.

«Мекенчил» партиясынын Кара-Суу шаарынын борбордук аянтында эл менен 21-сентябрга белгиленген жолугушуусуна мэрия уруксат берген жок. Бул тууралуу партиянын өкүлү Төлөгөн Келдибаев билдирди:

«Биз алдын-ала маалымдама жөнөткөнбүз. Бирок уруксат бербей коюшту. Прокуратурага кайрылдык. Бир канча талаш-тартыштан кийин шаардык паркта жыйын курууга уруксат беришти».

Келдибаевдин айтымында, мэрия борбордук аянтка курулуш техникасын алып келип койгон. Ал муну тастыктаган сүрөттөрдү «Азаттыкка» жөнөтүп, жергиликтүү бийликтин үгүт иштерине бут тосуу аракети катары баалады.

Шаар мэри Адыл Лолобаев партиядан маалымдама 18-сентябрда келгенин бышыктап, аянтта жер астындагы суу куурларын оңдоо иштери пландалгандыктан, жыйынды башка жакта өткөрүү сунушу айтылганын билдирди.

«Анүстүнө аянттын жанында мектеп бар. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, билим берүүчү жайларга жакын жерде үгүт иштери уюштурулбашы керек», - деди Лолобаев.

Мэр башка партияларга да ушундай талап коюларын айтты.

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия катышууда. Бир айлык үгүт иштери 4-сентябрда башталган. (SE)

XS
SM
MD
LG