Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Жумгалдын Кең-Суу айылында жалгыз мугалим өз үйүн мектеп кылып балдарды окутат


Кең-Суу айылындагы мектеп.
Кең-Суу айылындагы мектеп.

Нарындын Жумгал районунун Кең-Суу айылында мугалим Токтожума Стаханов беш жылдан бери өзүнүн эки бөлмөлүү үйүн мектеп кылып жасап, башталгыч класстын балдарын окутат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 17 түтүн жашаган Кең-Суу айылында орто мектеп жок болгондуктан окуучулар коңшу айылга барып билим алууда кыйынчылык жаралып жеке турак үйдү мектепке айлантышкан. Учурда 30 окуучунун 11и үй мектепте бир гана мугалимден билим алат.

Облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов Кең-Суу айылындагы эл менен жолугушуусунда мугалим Токтожума Стахановго ыраазычылыгын билдирди. Кең-Суу - Кабак айыл өкмөтүнө караштуу алты айылдын бири. (TSh)

XS
SM
MD
LG