Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:02

Таиландда монархияга каршы чыккан демонстранттар «жеңгенин» жарыялашты


Таиландда монархияны реформалоону талап кылган студенттер. Бангкок.
Таиландда монархияны реформалоону талап кылган студенттер. Бангкок.

Таиландда бийликке каршы акцияга чыгып жаткандар 20-сентбярда полициянын колуна монархияны реформалоо тууралуу талаптары жазылган тизмени тапшыргандан кийин «жеңгенин» жарыялашты.

Серепчилердин айтымында, падышаны сындаганга тыюу салынган бул мамлекетте демонстранттардын кадамы чоң жеңишке барабар.

Тизмеде монархияны ушактагандарга каршы мыйзамды жокко чыгаруу, жаңы Конституция кабыл алуу, аскердик хунтаны жок кылуу жана падышалык гвардиянын таркатылышы сыяктуу талаптар бар.

Студенттердин лидери, 21 жаштагы активист кыз Панасая «Рунг» Ситтиджираваттанакул ишемби кечинде сахнага чыгып, падышага түз кайрылуу жасады.

Жекшембиде акциянын катышуучулары падышанын сарайынын жанында «Жарандардын пикиринде, бул жер падышаларга эмес, элге таандык» деген жазуусу бар мемориалдык тактайча орнотушту.

Таиландда монархияга каршы толкундоолор август айында башталган. 16-августта Бангкокто 10 миңдей адам каршылык акциясына катышкан. Алгач демонстрацияга студенттер чыгып келсе, кийин калктын башка катмарлары да кошула баштаган.

Азыркы падыша Маха Вачиралонгкорн тактыга 2016-жылы отурган.

XS
SM
MD
LG