Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:46

Коронавирустан каза болгондор жок, 91 бейтап жаңы катталды


Күндүзгү стационардын дарыгерлери бейтапка жардам көрсөтүүдө. Бишкек шаары. 16-июль, 2020-жыл.
Күндүзгү стационардын дарыгерлери бейтапка жардам көрсөтүүдө. Бишкек шаары. 16-июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда соңку бир суткада COVID-19 вирусунан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу 19-сентябрда коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады. Штабдын ушул эле күнкү маалыматына караганда, илдет дагы 91 бейтаптан аныкталды. Алардын ичинен эң көбү Баткен облусунда – 30 киши.

  • Бишкекте – 9;
  • Чүйдө – 6;
  • Ош облусунда – 17;
  • Таласта – 1;
  • Нарында – 1;
  • Ысык-Көлдө – 15;
  • Жалал-Абадда – 12.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул оору 45 335 адамга жукту, алардын ичинен 41 484 бейтап айыкты, 1 063 адам каза болду.

COVID-19 илдетине чалдыккан 570 бейтап ооруканада жатат, 1 771 киши үйүндө дарыланууда.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майда токтогон, 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими сакталууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG