Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Кыргызстан сасык тумоого каршы эмдөөдө Орусиянын вакцинасын колдонот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүш үчүн Орусиянын «Гриппол плюс» вакцинасын алды.

Саламаттык сактоо министрлиги 18-сентябрда билдиргендей, вирустук ооруларга каршы вакцина ооруканалардын жугуштуу оорулар, реанимация бөлүмдөрүнө, «Тез жардам», төрөт үйлөрүнө, үй-бүлөлүк медициналык борборлордун кызматкерлерине, карыларга жана балдарга, майыптар үйлөрүнө, интернаттардын тарбиялануучулары менен ал жерде иштегендерге, өпкө, жүрөк, боордун өнөкөт ооруларынан, кант диабети, ашыкча салмактан жабыркагандарга, оорукчан балдарга, кош бойлуулар менен улгайгандарга акысыз берилет.

Вакцина алгысы келген жарандар өздөрү каттоодо турган үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылса болот. Бишкектеги «Малыш», «Гиппократ», «Эделвейс», «Элкрит», «Кроха», «Поликлиника 312», «Асымбекованын клиникасы», ЦАДМИР, «Интермедикал» менчик бейтапканалары акы төлөө аркылуу эмдөө жүргүзөт.

Кыргызстандын бийлиги октябрь-ноябрь айларында сасык тумоо күч алып, коронавируска байланышкан абалды оорлотушу мүмкүн экенин билдирип жатат.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 45244 кишиге жукту. Анын 41 415и айыкканы айтылды. Вирустан 1063 адам кайтыш болду. Учурда 547 бейтап стационарда, 1772си үй шартында дарыланууда.

Акыркы эки күндөгү расмий статистика өлкөдө коронавирус кайра көбөйө баштаганын көрсөттү. (NT)

XS
SM
MD
LG