Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Коронавирус бир күндө дагы 91 кишиден аныкталды


Кыргызстан, Бишкек. COVID-19ду изилдеген лаборатория. Сентябрь, 2020-жыл.
Кыргызстан, Бишкек. COVID-19ду изилдеген лаборатория. Сентябрь, 2020-жыл.

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 91 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды. Бул он күн мурдагы көрсөткүчтөн 23 кишиге көп. 8-сентябрда коронавирус 68 кишиге жукканы кабрланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 18-сентябрдагы брифингде жаңы аныкталган учурлардын жетөө Бишкекте катталганын билдирди.

Ош шаарында - 3, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда - 15, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 15, Баткен облусунда - 20 кишиден вирус табылды.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 45244 кишиге жукту. Анын 41 415и айыкканы айтылды. Вирустан 1063 адам кайтыш болду.

Учурда 547 бейтап стационарда, 1772си үй шартында дарыланууда.

Акыркы эки күндөгү расмий статистика өлкөдө коронавирус кайра көбөйө баштаганын көрсөттү. (NT)

XS
SM
MD
LG