Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

ДССУ Европада коронавирус кайра жайылып жатканын эскертти


Германиядагы медициналык кызматкерлер.
Германиядагы медициналык кызматкерлер.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Европада коронавирус «кооптуу деңгээлде жайылып жатканын» эскертип, бул чөлкөмдөгү өлкөлөрдү карантин эрежелерин жумшартпоого чакырды. Уюмдун Европа боюнча чөлкөмдүк директору Ханс Клюге сентябрь айында статистика көбөйгөнүн, бул чөлкөмдөгү бардык өлкөлөр үчүн чоң эскертүү болушу керек экенин 17-сентябрда айтты.

ДССУнун Европа боюнча бөлүмүнө мүчө болгон 55 мамлекетте эпидемия башталгандан бери беш миллиондой адамдан коронавирус табылды. 227 миңден ашуун адам COVID-19 илдетинен көз жумду.

Учурда Европада күнүнө 40-50 миңдей адамдан коронирус чыгып жатат. 11-сентябрда бир сутка ичинде 54 миң кишиден өпкөнү сезгенткен вирус табылды.

Дүйнөдө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 30 миллион кишиден ашса, 939 миңден ашуун адам көз жумду.

XS
SM
MD
LG