Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Укук коргоочулар Каримованын акчасы боюнча Швейцарияга кайрылышты


Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова.
Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова.

Өзбекстандык укук коргоочулар менен чет өлкөдө жашаган мурдагы саясий туткундар Швейцария өкмөтүнө ачык кат жазып, Гүлнара Каримованын активдеринин Өзбекстанда кайрадан коррупциялык схемалар аркылуу уурдалышына жол бербөөгө чакырышты.

Адам укуктары боюнча өзбек-немис форумунун демилгеси менен даярдалган ачык кат 16-сентябрда Uzbekforum.org сайтына жарыяланды. Активисттер Өзбекстанга кайтарылган каражаттын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча реформаларды колдоого багытталышын талап кылышууда.

Онго жакын өзбекстандык укук коргоочулар, журналисттер жана мурдагы саясий туткундар Швейцариянын банктарында турган каражатты кайтарууда «ачык-айкындыкты» камсыз кылууну талап кылышты.

«Өлкөдө бир аз либерализация байкалып жатканы менен өкмөт азырынча коррупцияга каршы чечкиндүү чара көрө элек. Ошондуктан коррупциялык жол менен тонолгон өзбек элинин байлыгынын кайра эле жемкорлордун колуна барып калуу ыктымалдыгы жогору», деп жазылган катта.

11-сентябрда Швейцария өкмөтү Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнарага козголгон кылмыш ишинин алкагында конфискацияланган акчалай каражатты кайтаруу боюнча расмий Ташкент менен келишимге жетишкенин билдирген.

Эки өлкө кол койгон келишимге ылайык, швейцариялык эсептерден алынган 131 миллион долларга тете активдер Өзбекстан бийлигине кайтарылат. Ага чейин Ташкент бир катар талаптарды аткарышы керек. Маселен, өзбек бийлиги акчаны алуу учурунда ачык-айкындыкты камсыз кылып, аны элдин жашоосун жеңилдетүүгө арналган долбоорлорго жумшоого милдеттүү.

Швейцария банктарында Каримованын мындан башка дагы 715 миллиондой доллары ага козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы эле камакта болмокчу.

Гүлнара Каримова азыр Өзбекстанда түрмөдө отурат. Ага «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери боюнча айыптар коюлган жана ал 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG