Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:51

Суваналиев: «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылгандардын баары чын


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер болгон Өмүрбек Суваналиев президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аракетин кескин сынга алды. Блогер Майраш Базлакунова менен болгон маегинде Суваналиев президентти «бир тууган Матраимовдордун туткунунда калды» деп билдирди.

«Көп сөздөрдү булар өздөрү эле бүтүрүп атат. Эмнеге президент «факты бергилечи» деп атат? Анткени булардын баары ага бурмаланган фактыларды берип атат», - деди генерал.

Ал Райымбек Матраимовдун бажыдагы ишмердиги боюнча журналисттик иликтөөлөргө көңүл бөлүнбөй жатканын белгиледи:

«Эми «Азаттыкта» айтылган материалдардын баары чын да. Аны баары билет. Жогорку Кеңешке алып чыкканда кыйтырлык кылып атышпайбы, «Саймаитинин өлүмү» деп. Саймаитини Түркиядан өлтүрүштү. Силер «Азаттыктын» айтканы боюнча териштиргиле».

Бул айтылгандар боюнча президенттин басма сөз кызматына байланышып, жооп алуу аракетибизден майнап чыга элек.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана «Клооп» медиасынын орток иликтөөлөрүндө теги кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын Кыргызстан аркылуу жүк ташыган компаниясы көмүскө ишмердиктен жүз миллиондогон доллар тапканы жана ал каражатты адалдоо жолу менен өлкөдөн чыгарып кеткени ашкере болгон. Абдукадырдын жүк ташуу бизнесин Мамлекеттик бажы кызматы калкалап турган. Бул ишмердиктин чордонунда жүргөн Айеркен Саймаити мунун баарын ачыкка чыгарып, ошол кезде бажыда жетекчи кызматта иштеген Райымбек Матраимов пара алып турганын айткан. Ал сөзүн ырасташ үчүн жүз миңдеген долларлар Абдукадырдын нускоосу менен «Ысмайыл Матраимов атындагы фондуна» келгенин далилдеген түпнуска, көчүрмө жана электрондук документтерди берген.

Иликтөө учурунда Матраимовдор менен Абдукадырлар үй-бүлөсүнүн башка да бизнес байланыштары, Райымбек Матраимовдун аялынын Дубайда 12,5 миллион долларлык, декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлкү табылган. Матраимовдун ыктымал мыйзамсыз байыганы тууралуу эл арасынан президентке суроо берилгенде Сооронбай Жээнбеков аны далилдеген "факты берүү" керек экенин айткан.

XS
SM
MD
LG