Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:06

Вандык кыргыздар: Улуу Памирде 100дөй кишиден коронавирус табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Вандагы Улуу Памир айылынын башчысы Эйүпхан Ватансевер билдирди:

«Биздин айылда 40тай айыл коргоочусунан коронавирус тастыкталып, бир жуманын ичинде эле 100дөй кишинин тести оң чыгып калды. Азыр вирус жугуп калганы тастыкталгандарга райондон акысыз дары алып келип берип жатабыз. Жаштар жеңил өткөрүп жатышат. Кудайга шүгүр, оор абалда бейтаптарыбыз жок».

10-сентябрда Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа өлкөнүн чыгыш аймагында жайгашкан Мардин, Диярбакыр, Батман жана Сиирт облустарында коронавирус жуккандар көбөйүп жатканын билдирген. Ошол эле чөлкөмдө жайгашкан Ван облусунда вирус боюнча көрсөткүчтөр эки эсе көбөйгөн.

Улуу Памир айылында 2 500гө жакын кыргыз жашайт. Алардын 200гө жакыны айыл сакчысы болуп кызмат кылышат. Алардын милдети - түрк аскерлери менен тоолуу айылдардын коопсуздугун камсыздоо.

Улуу Памир айылы Түркиянын чыгышында Иран менен чектешкен Ван дубанында жайгашкан. Жергиликтүү калк негизинен айыл чарбасы менен алектенет.

Кыргыздар Түркияга 1982-жылы Ооганстандан көчүп барышкан. Ал эми Улуу Памир айылы 1987-жылы түптөлгөн. (ElB)

XS
SM
MD
LG