Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Навальный уулангандан бери «Инстаграмга» биринчи билдирүү жазды


Алексей Навальный «Инстаграмдагы» баракчасына жубайы, уул-кызы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.
Алексей Навальный «Инстаграмдагы» баракчасына жубайы, уул-кызы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный 15-сентябрда «Инстаграмдагы» баракчасына ууланып ооруканага оор абалда түшкөндөн бери биринчи билдирүү жазып, жубайы, уул-кызы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Анда саясатчы «дагы эле бир нерсе кылууга дээрлик жөндөмү жок» экенин, бирок «өз алдынча, аппаратсыз дем ала баштаганын» белгилеген.

Анын алдында Навальный дарыланып жаткан Берлиндеги «Шарите» клиникасы оорулуунун абалы кыйла оңолуп, керебетинен турганга жарап калганын, өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттан ажыратылганын маалымдаган.

«The New York Times» басылмасы немис коопсуздук органынын жогорку даражалуу өкүлүнө шилтеме кылып Навальный абалы оңолгондон кийин Орусияга кайтып келерин, ишмердигин улантарын жазган. Ал ошондой эле өзүн ууландырган жагдайды Германиянын Орусия менен чогуу иликтешине каршы болгону белгилүү болгон.

Дүйшөмбүдө немис өкмөтү Франция менен Швейциядагы эки эркин лабораторияда Навальныйдын анализи текшерилгенин, анда немис адистеринин орусиялык оппозициячыл саясатчынын ууланганы тууралуу корутундусу бышыкталганын билдирген.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учуп келатканда өзүн жаман сезип, эстен танып жыгылган. Учак Омск шаарына чукул конгон. Алгач аймактык ооруканага жана көп өтпөй Берлинге жеткирилген.

Германия Кремлди сындап келген саясатчы анын «көзүн тазалаш үчүн» нервди шал кыла турган зат менен ууландырылганын жарыялаган. Москва болсо мындай шашылыш тыянак чыгарбай турууга чакырган.

XS
SM
MD
LG