Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:12

ИИМ: Беларуста жекшембидеги акцияларда 774 адам кармалды


Беларуста нааразылык акциялары бир айдан ашуун убакыттан бери токтобой жатат.
Беларуста нааразылык акциялары бир айдан ашуун убакыттан бери токтобой жатат.

Беларус Ички иштер министрлиги (ИИМ) жекшембидеги каршылык акциялары тууралуу маалымат берди. Министрликтин эсебинде, ага 22 миңдей адам катышып, 774ү кармалды. Алардын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда, 500дөн көбү Минск шаарынын тургундары.

«13-сентябрда бир катар калк жашаган аймактарда 28 каршылык акциясы өттү. Ага катышкандардын жалпы саны 22 миңден ашкан жок», - деп айтылат ИИМ тараткан билдирүүдө.

«Азаттыктын» беларус кызматы кармалгандардын арасында журналисттер Александр, Васюкович, Влад Гридин жана Егор Калягин да бар экенин билдирди. Милиция алардын жабдууларын тартып алган жана журналисттер түнү менен тергөө абагында болушкан. Аларга «мыйзамсыз митингге катышкан» деген айып коюлду жана соттук териштирүү качан болору азырынча белгисиз.

Ар кандай эсептөөлөргө ылайык, 13-сентябрда Минскидеги «Баатырлар жүрүшүнө» 100 миңден 150 миңге чейин адам катышты.

Беларуста жаңы шайлоо өткөрүлүп, азыркы президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган каршылык акциялары бир айдан ашык убактан бери токтой элек. Күч органдары тынч жыйынга чыккандарга ашкере күч колдонуп, зордук-зомбулукка барганы сынга кабылган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде Беларустагы тоз-тополоңдо бери дегенде төрт адам мерт болду, дагы сегиз адамдын дайыны белгисиз.

XS
SM
MD
LG