Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:43

COVID-19: Кыргызстанда дагы 47 кишиден вирус табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 14-сентябрда дагы 47 адамдан коронавирус табылды. Ооругандардын арасынан 101 адам айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 44 928 кишиге жетти. Алардын 41 023ү сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады. 14-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 28 миллион 902 миң адамдан ашты. Алардын 922 735и көз жумуп, 19 миллион 550 миллионго жакыны айыгып кетти.

Оору эң көп тараган мамлекеттер - АКШ, Индия, Бразилия, Орусия.

Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары 18-мартта аныкталган.

XS
SM
MD
LG