Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Минск: Митингчилердин бир бөлүгү Лукашенконун резиденциясына бет алды


Минскидеги акция. 13-сентябрь 2020-жыл
Минскидеги акция. 13-сентябрь 2020-жыл

Минскиде 9-августтан бери өтүп жаткан нааразылык акциялары уланып, жекшемби күнү «Баатырлардын жүрүшүнө» 100-150 миңдей киши чогулганы кабарланууда. Ички иштер министрлиги түш ченде 250 киши кармалганын билдирди. Аларга тыюу салынган кызыл-ак желекти жана "акарат келтирген баннер" көтөрүп жүрүшкөн деген айып тагылууда.

Күбөлөр милиция демонстранттарды курал, союлдар менен уруп, машинелерге күч менен салып жатышканын айтып беришти.

"Интерфакс" агенттиги маалымдагандай, жүрүштүн катышуучулары бир нече колоннага бөлүнүп, алардын бири президент Александр Лукашенконун резиденциясы жайгашкан Дрозды айылына багыт алды.

Башкалаанын борборуна бронетехника жана аскердик оор машинелер тартылганы, метронун сегиз станциясы жабык турганы, бир катар жерде мобилдик интернет өчүрүлгөнү маалымдалууда.

Ички иштер министрлиги ишембиде аялдардын акциясына чыккандардын арасынан өлкө аймагы боюнча 114 киши кармалганын билдирди. Мекеменин маалымат бөлүмү митингге катышкан аялдарды "агрессивдүү" жүрүм-туруму үчүн сындады.

Беларустагы акциялар 9-августтагы президенттик шайлоону мамлекетти 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгени жарыялангандан кийин башталган. Шайлоо бурмаланган деген оппозиция жана демонстранттар президенттин отставкасын талап кылышууда. Акциялар тартип коргоо, коопсуздук органдарынын зомбулугу менен коштолуп, бери дегенде төрт киши каза тапты, алтоо дайынсыз болууда, жүздөн ашууну жабыркады. Канчасы кармалганы белгисиз.

Батыш тынч демонстранттарды уруп-сабоону, куугунтуктоону айыптап, айрым мамлекеттер шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартышты.

XS
SM
MD
LG